Викиказына:Тил саясаты

This page is a translated version of a page Commons:Language policy and the translation is 100% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:Language policy and have to be approved by a translation administrator.

Shortcuts: COM:LP • COM:LANG • COM:NAME

Викиказына – көп тилдүү долбоор. Бул баракта көп тилдүү материалдарды түзүү жана колдонуу боюнча долбоордун эрежелери жана кайсы материалдар кайсы тилде берилиши керектиги көрсөтүлгөн. Локалдаштыруунун техникалык процесси үчүн Викиказына:Локалдаштыруу караңыз.

  • Галереялардагы, категориялардагы жана файлдын сүрөттөмө барактарындагы сүрөттөмөлөр каалаган тилде болушу мүмкүн жана аларды бир нече тилде кошуу керек. Керексиз маалыматтын жана визуалдык баш аламандыктын көлөмүн азайтуу үчүн тил калыптарын колдонуу сунушталат.
  • Файл галереялары биринчи кезекте жергиликтүү тилдерде аталууга тийиш. Бул эреженин кеңири аныктамасы үчүн Викиказына:Галереялар караңыз.
  • Категориянын аталыштары көбүнчө англис тилинде болушу керек, кээ бир энчилүү аттарды, биологиялык таксондорду жана англисче эквиваленти жок терминдерди кошпогондо. Бул эреженин кеңири түшүндүрмөсү үчүн Викиказына:Категориялар караңыз.
  • Чыгармалардын жаратуучуларынын ысымдары англис тилдүү адабияттарда эң көп кездешкен формаларда берилиши керек.
  • Файлдарды каалаган тилде атаса болот. Файлдын аты чыгарманы (сүрөттү) сүрөттөп же ачыктап берүүсү керек. (Ошондой эле Викиказына:Файлдын аталышы караңыз)
  • Калыптарды каалаган тилде түзсө болот. Калыптын тексти бир нече тилде жеткиликтүү болгондо, англисче версия эң авторитеттүү («маалымат») версия болуп эсептелет, ага калыптын башка тилдеги версиялары негизделиши керек.
  • Саясаттар жана көрсөтмөлөр англис тилинде жазылып, андан кийин башка тилдерге которулат. Саясаттын же көрсөтмөнүн англисче версиясы эң авторитеттүү версия болуп эсептелет.

Тарыхы

Бул тил саясатына алып келген 2009-жылдагы сунуштун өзү бир нече тилге которулган, анын ичинде алеманча, бретончо, каталанча, люксембург тилинде, Convencions de nomenatge, Польша тилинде, португалча и китайча тилдерге которулган.

Кошумча маалымат